• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Өзгөн айланма жолунун курулушу аяктады

29 Жетинин айы 202414:05 Бишкек Govori.TV

Ош облусунун Өзгөн районундагы айланма жолдун курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Жол жакында колдонууга берилет. Аталган жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Ошондой эле жолго 200 жана 97 метрден турган эки көпүрө салынган. Учурда айдоочулар үчүн төлөм пунктун орнотуу иштери жүрүүдө», — деп жазылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, ал Кыргызстандагы алгачкы акы төлөнүүчү трасса болмокчу. Жаңы жол пайдаланууга берилсе, Бишкек-Ош каттамындагы айдоочулар Өзгөн шаарына кирбей, айланма жол аркылуу каттап, тыгын бир топ азаят жана жол коопсуздугу жакшырат.

Количество просмотров: 232