УКМК «Өзгөн Автобекети» ААКны мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын аныктады.
Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 29-июлда Өзгөн шаарынын аянты 0,74 га ири инфраструктуралык объектисин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын жашыруу, ошондой эле кылмыш жоопкерчилигинен баш тартуу максатында өзгөчө ири өлчөмдө (1 млн.500 миң сом) пара берүүдө салык кызматынын жооптуу кызматкери К.Н.Н. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жүрүшүндө «Өзгөн автобекети» ААКнын акционерлери тарабынан Өзгөн шаарындагы автобекетти мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы моюнга алынып, ыктыярдуу түрдө шаардык мэриянын балансына өткөрүлүп берилди.
Жогоруда аталган жер тилкесинин базар баасы 219 млн. 591 миң сомду түзөт.


