• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өзгөн прокуратурасы мектепке таандык жерди кайтарды

16 Бирдин айы 202617:36 Бишкек Govori.TV

Өзгөн прокуратурасы мектепке таандык жерди кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө Өзгөн шаарындагы С. Шарипов атындагы орто мектепке таандык, жалпы аянты 289,3 чарчы метрди түзгөн жер тилкеси мыйзам талаптарын бузуу менен жеке менчикке өткөрүлүп кеткендиги аныкталды.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын натыйжасында базар баасы 5 млн 517 миң 230 сомду түзгөн жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Количество просмотров: 126