• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзгөн шаарынын айланасында айланма жол курулат

20 Бештин айы 2023 11:52 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” Жарлыкка кол койду.

Азыркы учурда Бишкек – Ош автомобиль жолунда, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү участокто жол кыймылынын көптүгү байкалууда. Ушуга байланыштуу Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу зарылдыгы келип чыкты.

Жогоруда баяндалганды эске алып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын автомобиль жолдорунун тармагын өнүктүрүү, Өзгөн шаарынын участогундагы Бишкек – Ош авто жолунда жол кыймылын азайтуу, Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Өзгөн районунун жол инфраструктурасын жакшыртуу максатында, “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4, 9, 10-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылынат:

1. Кыргыз Республикасынын жол инфраструктурасын өркүндөтүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында автомобиль жолдорун куруу жана тейлөө эң маанилүү багыт болуп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу жана тейлөө боюнча долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон документтерди даярдоо боюнча иштерди жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети 2024-жылдын 30-январына чейинки мөөнөттө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде Өзгөн шаарынын айланасында айланма автомобиль жолун куруу маселесин иштеп чыгуу боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

Количество просмотров: 80