Оштогу Өзгөн шаарын айланып өткөн жолдун курулушу аяктап, расмий ачылды.
Иш-чарага президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана бир катар бийлик өкүлдөрү катышты.
Маалыматка ылайык, жолдун узундугу 14 чакырым, туурасы 22 метрди түзөт. Жолго 200 жана 97 метр болгон эки көпүрө салынды. Жолдун уникалдуулугу бир дагы жол чырак жана кесилиш болбойт. Ал үчүн 8 кесилиште жолдун астынан туннель өтөт.
Андан өткөн жеңил унаалар — 200 сом, кичи/чакан жүк ташуучу унаалар жана автобустар — 350 сом, жүк ташуучу унаалар — 700 сом төлөй турганы кабарланган.