• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Өзгөндөгү аламан улакта бир жаран каза болду. Милиция окуяны териштирип баштады

8 Бирдин айы 202622:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Өзгөн районунун аймагында өтүп жаткан аламан улак учурунда кырсык катталды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Алдын ала маалыматка караганда, Жалал-Абад облусунун тургуну 1999-жылы туулган А.У. атын сугаруу үчүн Яссы дарыясына барганда аттын буту тайып, жардан дарыяга кулап кеткен. Натыйжада жаран окуя болгон жерде каза болгон.

Бул факты каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталды.

Маркумга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Количество просмотров: 163