• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Өзгөндөгү жер көчкүдөн улам көчүрүлгөндөргө шарт түзүлүүдө

26 Жалган куран 2023 19:23 Бишкек Govori.TV

Үстүбүздөгү жылдын 22-март күнү, таңга маал түшкөн жер көчкүдөн улам Өзгөндүн К. Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги 18 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Мындан улам көчүрүлгөн калктын убактылуу баш калкалоосу үчүн ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. Азыркы учурда толугу менен шарт түзүү максатында электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыздалды.

Ага катар эле “Улуттук Кызыл-Ай ” коому тарабынан 2 даана чатыр онотулуп анда штаб жана медпункт жайгашкан. Азыркы учурда убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилди.

26-март, саат 07:00гө карата жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калган.

Эске салсак 22-март күнү, саат 05:00 чамасында Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш а/а К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1млн м3 жер көчкү түшкөн.
Буга чейин аймактыктын кооптуулугу тууралуу ӨКМге караштуу өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаменти 2022-жылдын сентябрь айында корутунду чыгарып, тилкеде жашаган 18 үй-бүлөнү көчүрүү сунушталган.

Количество просмотров: 80