• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жөө адамдарды сүзүп кеткен автобустун айдоочусу беш жылга соттолду

18 Тогуздун айы 2023 9:03 Бишкек Govori.TV

17-октябрда Чымкенттин кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту жөө кишилерди сүзүп кеткен автобустун айдоочусу Хайрулла Юлдашевге карата өкүм чыгарды.

Ал «Транспорт каражатын колдонуу эрежелерин бузуу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылды. Мындан тышкары ага транспорт каражатын башкарууга жети жылга тыюу салынды.

Юлдашев күнөөсүн мойнуна алып, бирок токтоп турган автобустун жылып кетүүсүнө ShymkentBus автопаркы айыптуу экенин билдирди.

Сотто жабырлануучулар айдоочуну кечиргенин айтышты. Буга чейинки отурумдарда прокурор Юлдашевди сегиз жылга эркинен ажыратууну жана беш жыл транспорт каражатын башкарууга тыюу салууну өтүнгөн.

Быйыл апрелде Чымкент шаарындагы «Метро» соода борборунун жанында токтоп турган автобус ылдыйды көздөй жылып кетип, жол жээгиндеги адамдарды сүзүп кеткен. Жыйынтыгында беш киши каза болгон.

Иштин материалдарына ылайык, айдоочу автобусту четке токтотуп, дүкөнгө кирип кеткен. Ошол маалда бош турган автобус ылдыйды көздөй жылып барып, адамдарды сүзгөн. Жыйынтыгында төрт киши дароо мүрт кетип, бир бала ооруканада эсине келбестен көз жумган.

Полиция автобустун 49 жаштагы айдоочусун кармап, тергөө иштерин баштаган. Анда укук коргоо органдары айдоочу «автобусту кол тормозуна коюуну унутуп калганын» билдиришкен.

Количество просмотров: 672