• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Ж. Акаев: «Бакыйган министрдин мамлекеттин эсебенинен тил үйрөнгөнү уят» (видео)

14 Бирдин айы 2018 15:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV

Экономика министри Новиковдун  мамлекеттин эсебенинен тил үйрөнгөнү уят. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев өз пикирин билдирди.
«Биринчи кезекте ушундай министрлер менен иштеп жатканына өкмөт уялашы керек. Экинчи кезекте Новиков өзү уялышы керек. Ал  эгер өзү иштеп жаткан мамлекетинде кыргыз жараны болуп туруп,  дагы мамлекеттен кошумча акча алып, кыргыз тилин үйрөнөм дегени туура эмес. Министр деген бул-өкмөттүн бакыйган мүчөсү. Ал кыргыз тилинде сайрап турушу керек. Мисалы, Новиков аймактарга чыгып калса, элдин берген  суроо-талабына кантип түшүнөт? же ага котормочу дайындап, дагы  айлык төлөш керекпи?» -дейт депутат Жанар Акаев.

Белгилей кетсек,  экономика министри Артём Новиковго жана министрликтин кызматкерлерине кыргыз тилин үйрөтүүгө мамлекеттик бюджеттен 324 миң сом жумшалат. Бул тууралуу жарыя Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.

 

 

Количество просмотров: 40