• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынан күмүш медаль утту

9 Бирдин айы 20269:36 Бишкек Govori.TV

Жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Азия чемпионатынын күмүш байгесинин ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Ал 3000 метр аралыкта чуркоодо 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, экинчи орунду ээлеген. Ошол эле аралыкта Жусуп Сулайман уулу 8 мүнөт 23,71 секунд менен 5-орунду камсыз кылды.

Мелдештин биринчи күнүндө 800 метр аралыкта чуркоо боюнча Искендер Чокаев 1 мүнөт 56,83 секунд жыйынтык көрсөтүп, 10-орунду ээледи. Ал эми 400 метр аралыкта Руслан Литовский 49,57 секунд менен 14-орунга жайгашты.

Чемпионаттын экинчи күнүндө 3000 метр аралыкта чуркоодо Нурсултан Кеңешбеков 7 мүнөт 55,06 секунд жыйынтык көрсөтүп, күмүш медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, турнир 6-8-февраль күндөрү Кытайдын Тяньцзинь шаарында өттү.

Количество просмотров: 121