Кыргызстандын качкын президенти Курманбек Бакиев өлкөдө болуп жаткан окуяларга карата тынчыздануусун билдирген. Бул тууралуу РИА новости басылмасы жазды.
“Мен өз өлкөмдө болуп жаткан окуяларды жүрөгүм ооруп, оор кабыл алдым. Учурда менин сөзүмдү ар кандай күчтөр абалды козутууга колдонуп кетпеши үчүн мен бул окуялар боюнча пикир билдирүдөн карманып турам”, – деген ал.
Белгилүү болгондой, мурунку президент Бакиев Беларуста жашайт.