• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жүргүнчүлөргө орой мамиле жасап, одоно эреже бузган айдоочулар жумуштан алынабы?

18 Жетинин айы 2023 15:30 Бишкек Govori.TV

Борбор калаанын муниципалитетинде мэр Айбек Джунушалиевдин төрагалыгы алдында коомдук транспорттун көйгөйлөрүн чечүү максатында жыйын өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйынга мэрдин орун басары Максатбек Сазыкулов, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Уезбаев, «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук ишканасы» муниципалдык ишканасынын директору Бакыт Темикеев, Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талант Капаров, ошондой эле алардын орун басарлары катышты.

Жыйында 15-ноябрда жол кырсыгына кабылган №48 автобустун маселеси көтөрүлүп, жабыркаган жүргүнчүлөрдүн абалы, автобусту калыбына келтирүү, транспорт ишканаларынын жетекчилери менен айдоочунун жоопкерчилиги каралды.

Ошондой эле жол кырсыктарын болтурбоо жана айдоочуларды жол эрежесин сактоого мажбурлоо маселелери көтөрүлүп, автобустардын ылдамдыгын чектеген, жүргүнчүлөрдү эсептеген жана айдоочулардын жол кыймылын көзөмөлдөгөн жаңы программалык камсыздоону орнотуу боюнча тапшырмалар коюлган.

Мэр Бишкек шаарынын автобустарында накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди сынга алып, жүргүнчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жакшыртууга аракетсиздик кылган ишкана жетекчилигине тиешелүү жаза чараларын көрүүнү, ошондой эле жол эрежесин жана ылдамдыкты сактабаган, баарлашуу маданиятын сактабаган жана жүргүнчүлөргө кайрылуунун этикеттерин бузган айдоочуларды жумуштан бошотууга чейинки чараларды көрүүнү тапшырды.

Жыйындын жыйынтыгында накталай эмес төлөмдөрдү көзөмөлдөө, анын ичинде ар бир автобуска контролерлорду алуу боюнча бир катар сунуштар айтылып, салондун тазалыгы, айдоочулардын (формалардын) тыкан сырткы көрүнүшү да көтөрүлдү.

Количество просмотров: 159