• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөрдүн артыкчылыгы кандай?

14 Үчтүн айы 2019 9:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.01.2019. Govori.TV

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр берилип баштайт. Бул тууралуу өкмөт маалымдайт.

Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен жакшыртылган дизайн жана көптөгөн коргоочу элементтер менен сунушталат.

Мамлекетттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктөр жасалмалоого мүмкүн эмес болгон жогорку сапаттагы пластиктен жасалгандыгын билдирет.

Бул Кыргыз Республикасындагы айдоочулук күбөлүктөрдүн төртүнчү мууну болуп саналат. Анын пландаштырылган колдонуу мөөнөтү 10 жыл эсептелет.

Учурдагы айдоочулардын күбөлүгүнүн мөөнөтү бүткүчө жарактуу болуп саналат, ыктыярдуу түрдө гана алмаштырылат.

Ошондой эле белгилеп кетүүчү нерсе, айдоочулук күбөлүктү жана атайы бланкалык продукцияны персонификациялоо жеке компаниядан мамлекеттик мекемеге өткөрүлөт. Буга байланыштуу атайын бланкалык продукциянын наркы болжол менен 40-50%га төмөндөтүлөт. Анткени, бланкалык продукцияга карата баанын түзүлүшүндө жеке компаниянын кирешеси эсептелбейт.

Количество просмотров: 43