• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Байтик айылында жаңы Baуtik Mountain Resort тоо-лыжа курортунун курулушу башталат

27 Үчтүн айы 2023 11:57 Бишкек Govori.TV

Ушул жылы Чүй облусунун Байтик айылында жаңы Baуtik Mountain Resort тоо-лыжа курортунун курулушу башталат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө курулушка жер тилкесин бөлуп берүү процесси жүрүп жатат, андан кийин жергиликтүү жашоочулар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Долбоорду ишке ашырууга Өзбекстандын Ташкент облусунда жайгашкан Amirsoy Mountain Resort тоо-лыжа курортунун өкүлдөрү көмөктөшөт.

Белгиленгендей, кыргыз делегациясы күнү-түнү иштөө мүмкүнчүлүгүн жеринде көрүү үчүн аталган курортко барып келишкен.

“Бул Кыргызстанда “Baуtik Mountain Resort тоо-лыжа курорту” долбоорун ишке ашырууга жардам бериши керек. Жумушчу сапары жемиштүү болду. Кабыл алуучу тарап тоо туризми жаатында тажрыйба алмашууга жана кызматташууга даяр экенин көрсөттү. Алар биздин делегацияга экскурсия жасап, курорттук шаардын иши жөнүндө айтып беришти”, — деп билдирди фонддон.

Amirsoy Mountain Resort курортунун иши менен таанышып келгенден кийин делегация мүчөлөрү Кыргызстан тоо-лыжа индустриясы жаатында олуттуу оюнчу болууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар деген жыйынтыкка келишкен. Идеалдуу топография жана бийиктик диапазону (1500дөн 3500 метрге чейин) эл аралык туризм кластерин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Кыргызстандык делегациянын иш сапары 19-21-январь аралыгында болду. Анын курамына президенттин жана өкмөттүн чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары Элдияр Убалиев, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары, айыл өкмөт башчылары, Туризмди өнүктүрүү фондунун жана Жаштар комитетинин өкүлдөрү кирди.

Количество просмотров: 119