• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жаңы окуу жылында мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт

25 Теке 2019 10:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.07.2019.Govori.TV.

Биринчи сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы көтөрүлөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлык маянасы 30% га жогорулады. Ал эми 1-сентябрдан баштап мугалимдердин айлыгы, 1-октябрдан тартып пенсиялар көтөрүлөт.

Эске салсак, буга чейин 1500 дөн ашуун машыктыруучулардын айлык акысы 50 пайыз, жана дене тарбия жана спорт мекемелеринин 400 гө жакын кызматкерлеринин маянасы 20 пайызга көбөйгөнү айтылган.

Количество просмотров: 23