• Шаршемби 10 Кулжа 2026
  • Среда 10 Июнь 2026

Жаңы төрөлгөн баласын таштандыга таштаган келин камактан чыкты

16 Жетинин айы 202316:21 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштаган келин №1 тергөө абагынан чыкты. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан ырасташты.

Маалыматка караганда, аны сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каты менен бошотуу чечимин Октябрь райондук соту кабыл алган.

«Сот мындай чечимди шектүүнүн ден соолугуна байланыштуу чыгарды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда келин ооруканада экени кошумчаланды.

Эске салсак, 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

Количество просмотров: 486