• Жекшемби 10 Бештин айы 2023
  • Воскресенье 10 Декабрь 2023

Жаңы төрөлгөн баласын таштоого шектелип 20 жаштагы келин кармалды

20 ноября 2023 в 11:17 Бишкек Govori.TV

Арча-Бешикте ымыркайын таштоого шектелип 20 жаштагы келин кармалды. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

Маалым болгондой, окуя 19-ноябрда саат 22:45 чамасында катталган. Милицияга Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды баштыкка байлап, кутуга салып кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Бала Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, шаардык төрөтканалардын бирине өткөзүлүп берилген.

Иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына 2003-жылы туулган С.Ж.Т аттуу келин жеткирилген.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 998