• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Жаңы туунун сүрөтү түшүрүлгөн паспорттор апрелден тарта чыгарыла баштайт

27 Бирдин айы 2024 15:14 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын жаңы, өзгөртүлгөн туусу түшүрүлгөн паспорттор жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктөр апрель айынан ортосунан тарта бериле баштайт.

Бул тууралуу Калкты каттоо департаментинин башчысы Арсен Миңбаев 27-февралда парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.

«Негизи туунун өзгөрүшү менен документтерди толук алмаштыруу талабы жок. Азыр жарандардын колундагы паспорттор мөөнөтү бүткүчө иштейт. Ал эми план боюнча бизде жаңы туу түшүрүлгөн ички паспорттор апрелдин ортосунан тартып, берилет. Жалпы жарандык паспортту келерки 2025-жылдан тартып бере баштайбыз», — деди Миңбаев.

Количество просмотров: 19