• Бейшемби 23 Теке 2026
  • Четверг 23 Июль 2026

Жаңы-Өзөндө мунайчылардын нааразычылык акциялары уланууда

17 Баш оона 202312:39 Бишкек Govori.TV

Казакстандын Маңгыстау облусундагы Жаңы-Өзөн шаарында «Молдир Мунай Сервис» компаниясынын 26 жумушчусу кызматкерлердин айлыктарын теңдөөнү талап кылууда.

Дээрлик алты жумадан бери компаниянын Жаңы-Өзөндөгү имаратынын алдында турган жумушчулардын 18и төрт күн мурда кургак ачкачылык кармай баштаган.

Жумушчулардын жубайлары менен апалары алардын коопсуздугуна тынчсызданып, акция башталгандан бери компания имаратына жакын жерде турушат.

«Биз алардын коопсуздугуна тынчсызданып, бул жерде «нөөмөт» менен түнөп кетип жатабыз. Анткени акыркы күндөрү аларга жарандык кийимчен белгисиз кишилер келип, коркутуп кетүүдө. Анүстүнө күйөөлөрүбүз ачкачылык кармап жатат, ар кандай болуп кетиши мүмкүн», – деди жумушчулардын биринин жубайы.

«Бир ишканада бирдей эле жумуш аткаргандардын маяналары ар кандай экен. Бул жердегилер бирдей эмгек шарттарын жана бирдей маянаны талап кылууда», – деди дагы бир жумушчунун аялы.

15-августта акция катышуучулары жарыялаган видеодо алар «Ачкачылык» деп жазылган чатырдын алдында турганын көрүүгө болот.

«15-август, 2023-жыл. «Молдир Мунай Сервис» компаниясы. Биздин маселелер дагы деле чечиле элек. Балдар бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатат, айрымдарынын абалы начарлап, тез жардам кызматы келүүдө. Кээ бирөөлөрдүн кан басымы 180ге чейин көтөрүлүп, кыйналып жатышат», – деген кадр сыртындагы үн.

Видеодон ачкачылык жарыялаган жумушчулардын бири кусуп, бир нечесин тез жардам унаасы менен алып кетишкенин көрүүгө болот.

16-августта Облустук саламаттык сактоо башкармалыгы Жаңы-Өзөндүн ооруканасына ачкачылык акциясынын төрт катышуучусу жеткирилгенин билдирди. Алардан гастриттин жана панкреатиттин белгилери аныкталып, амбулатордук дарыяланууга жөнөтүлгөн.

«Молдир Мунай Сервис» компаниясынын жетекчилиги ишканадагы каржы маселелерине байланыштуу жумушчулардын талабын аткаруу мүмкүн эмес экенин билдирүүдө. Анын айтымында, компания акыркы эки айдан бери чыгашага учурап жатат.

Жаңы-Өзөндөгү «Молдир Мунай Сервис» ишканасы мунай жана газ скважиналарын бургулоо боюнча кызматтарды көрсөтөт.

Количество просмотров: 94