• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Жаңы-Өзөндө нааразылык акциясына чыккан жумушсуз жарандар бийликтин басымына даттанууда

29 Жалган куран 2022 10:58 Бишкек Govori.TV

Мунай тармагына жумушка орноштуруу талабы менен эки айга жакын убакыттан бери Жаңы-Өзөн шаардык акимчилигинин алдына нааразылык акциясына чыгып жаткан тургундар коопсуздук органдарынын басымына даттанышты.

Активист Галия Жапаспаеванын айтымында, бүгүнкү күнгө карата аянтта болгону эки гана киши калды. Ал өзү 24-мартта жергиликтүү полиция бөлүмүнө чакырылып, төрт саатка жакын сурак берип чыккан.

Мени жумушсуздук маселеси боюнча эки айлык иш таштоону уюштурууга жана кастыкты козутууга айыпташты. Эми дагы иш таштоо акциясын уюштурсам бир жылга камала турганымды эскертишти. Эч кандай кагазга кол койгон жокмун жана нааразылык акциясына чыкпайм деп убада бере албасымды айттым. Анткени менин балдарым дале болсо жумушка орношо элек, — деди ал.

Жанаспаева 25-мартта шаар бийлиги аянтта иш менен камсыз кылууну талап кылып жаткан адамдарды эки топко бөлүп, алардын акциялары мыйзамсыз экенин эскертишкен. Ошол эле маалда бийлик өкүлдөрү чогулгандарды жумушка орноштурууну убадалашкан.

Буга чейин Жаңы-Өзөндө акцияга чыгып жаткан ондон ашык киши полицияга чакырылып, «атайын маектешүүлөрдөн кийин» коё берилгени кабарланган.

Жаңы-Өзөндө жумушсуз жарандардын акциясы дээрлик эки айдан бери уланып жатат. 15-мартта айрым акция катышуучулары бийлик алардын талаптарын укпай жатканын айтып, үч күнгө ачкачылык жарыялашканын билдиришкен.

Жумушсуз жарандардын айтымында, бийлик шаардагы 300гө жакын кишини ишке орноштурду. Алардын 150сү төмөнкү социалдык макамдагы үй-бүлө мүчөлөрү жана майып адамдар.

Акыркы маалыматтар боюнча дагы 70 киши иш менен камсыз болот. Бирок мунай тармагында туруктуу иш орундарын түзүү деген негизги талабыбыз аткарылбаган бойдон калууда, — деди өзүн Марат деп тааныштырган акция катышуучуларынын бири.

Жаңы-Өзөн шаарынын акими Максат Ибагаров бүгүнкү күнгө карата 380 киши жумуш менен камсыз болгонун билдирди. «Ушул жуманын аягына чейин дагы 70 киши жумушка орношот. Ишсиз жарандарга жумуш таап берүү боюнча аракеттер уланат», — деди ал.

Количество просмотров: 78