• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жаңы жыл алдында чычкандар менен келемиштер көбөйдү

23 Бештин айы 2019 18:00 Бишкек Govori.TV

«Азаттыктын» түркмөн кызматы Жаңы жыл майрамынын алдында Ашхабадда чычкандар менен келемиштер өтө көбөйгөнүн билдирүүдө.

Маалыматка караганда, чычкан менен келемиштер үйлөрдүн жер төлөлөрүндө, көчөлөрдө жана көрүстөндөрдө өтө көп кездешүүдө.

Менин тааныштарым Аннау аркылуу Яшлыктан Ашхабадга тез-тез катташат. Алар жолдо нары-бери өткөн чычкандарды көрүп айран-таң калышууда. Бир жолку каттам учурунда эле жыйырмадай чычканды кездештиришет экен, – деди ашхабаддык тургун.

Кемиргичтердин көп болуп жатышы аларды жок кылуучу препараттардын тартыштыгы жана мышыктардын азайгандыгы менен түшүндүрүлүүдө.

Абалды «Өзгөчө коркунучтуу инфекцияларды профилактикалоо борбору» көзөмөлдөшү керек. «Азаттыктын» түркмөн кызматы бул мекемеден комментарий ала алган жок.

Түркмөнстан борборунда кемирүүчүлөр жана курт-кумурскалар маал-маалы менен тез тарап турат. Жергиликтүү тургундар бул көйгөй менен өз алдынча күрөшүүгө мажбур.

Количество просмотров: 97