Жаңы жылга караган түнү Кыргызстанда жалпысынан 265 ымыркай жарык дүйнөгө келди, арасында эгиздер да бар. Анын 144тү эркек болсо, 121и кыз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Министрликтин маалымдашынча, эң көп ымыркай Жалал-Абад облусу (64 ымыркай) менен Бишкек шаарында (56 ымыркай) төрөлгөн.
Биринчи түнкү саат 12:01де Талас облусу менен Жалал-Абаддын Сузак районунда (түнкү саат 12:05) уул балдар төрөлгөн.