• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жаңылсынзат Турганбаева дүйнөгө таасирдүү 100 айымдын бири болду

3 Бештин айы 202412:13 Бишкек Govori.TV

Би-Би-Си 2024-жылдагы дүйнөдөгү таасирлүү жана сыймыктана турган 100 айымдын тизмесин жарыялаган.

Алардын арасына Кыргызстандан Жаңылсынзат Турганбаева да кирген. Ал «Супара» этнокомплексинин жетекчиси.

Би-Би-Си: «Ал Бишкектеги этнологиялык музейди жетектейт, анда уникалдуу улуттук буюмдар коюлган. Бул айымдын кайрымдуулук иштеринин бир бөлүгү кыргыз адабиятына байланыштуу. Анын ичинде кыргыздын кырк уруусун бириктирген баатыр Манас баатыр жөнүндөгү эпосту сактоо анын негизги иштеринин бири» деп жазган.

Количество просмотров: 784