• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Акаев: «Менин аялым эч кимди башкарган эмес»

22 Кулжа 202611:57 Бишкек Govori.TV

2005-жылы элдик толкундоолордон соң бийликтен кулатылган мурдагы президент Аскар Акаев Би-Би-Сиге маек куруп, «Ысык-Көл форумундагы» талкуу жараткан сунуштары тууралуу түшүндүрмө берген.

Маек учурунда журналист Акаевден өлкөнү ал башкарып турган учур боюнча да суроолорду узатып, «эл арасында айтылып жүргөн «жубайы, балдары башкарган» дегенге такыр кошулбайсызбы?», — деп сураган.

«Бир мисал келтирип бересизби? Менин жубайым кимди башкарыптыр? Менин жубайым эмне жаман иш жасаган? Менин жубайым фонд түзүп, кыргыздын жаштарын өстүрөйүн, таланттарын өстүрөйүн деп, бала бакчаларды уюштуруп, балдар үйлөрүн уюштурду. Мына Чолпон-Атада тап-татынакай кылып пайдаланып жатышат. Бишкекте балдар кыштагын пайдаланып жатышат. Алар кыргыздын пайдасына иштеп жатат. Ар бир райондо балдарга билим берүү боюнча борбор уюштуруп, балдарга компьютер алып келип, компьютерге үйрөткөн. Анын баарын кийинки президент таш-талканын чыгарып жоготту. Кимге зыян болду? Кыргыздын балдарына, айылдагы балдарга зыян келди.

Менин аялым эч кимди башкарган эмес. Кыргыздын жаш таланттарын көтөрүп… Мына жаш таланттардын ичинен эки атактуу пианист Америкада: Кайры Кошоева жана дагы бир пианист. Бир скрипач Бонндо симфониялык оркестрде биринчи скрипка болуп ойнойт. Мына ошолордун баарын даярдаган Кыргызстанга зыянбы?», — деп жооп берген Акаев.

Ошондой эле мурдагы президент эч кандай үй-бүлөлүк башкаруу болбогонун кошумчалаган.

Количество просмотров: 121