• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жаа атуу боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

17 Бештин айы 20209:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарында жаа атуу боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спорттук иш-чара жаа атууну жайылтуу жана өнүктүрүүгө, өспүрүмдөрдү жана жаштарды дени сак жашоо мүнөзүнө тартууга багытталып, 19-декабрда өтөт. Ачылыш аземи саат 10:00дө болот.

Мелдештин катышуучулары:

• Чоңдор арасында (эркектер, кыз-келиндер);

• 2005-жылы туулган же андан жаш уландар;

• 2005-жылы туулган же андан жаш кыздар арасында;

• Кадеттер MIX;

• Сүйүүчүлөр ар кандай жаш куракта (спорт менен жаңы машыгып баштагандар).

Белгилей кетсек, мелдеш Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан өткөрүлөт. Мелдеш өтө турган жер: «Билимкана АУЦА» мектебинин спорттук залы, Чыңгыз Айтматов проспекти, 1а (М. Горький көчөсү менен кесилишет).

Количество просмотров: 126