• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жайлоодо жарга кулап кеткен жигитти дрон менен табышты

12 Теке 2023 9:48 Бишкек Govori.TV

Ноокатта жайлоого кетип, жардан кулап түшкөн жигит дрондун жардамы менен табылды.

Ош облустук милициянын маалымат кызматы кабарлагандай, 3-июль күнү М.А. аттуу киши арыз менен кайрылып, 1-июлда 30 жаштагы А. уулу А. Көк-Бел айыл аймагындагы туугандарынын үйүнөн кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Ал психикалык оору менен жабыркап келген, ошол күнү талаага мал айдап келем деп кеткен бойдон кайрылып келген эмес.

«7-июлда жаранды издөө үчүн милиционерлер менен жергиликтүү тургундар жайлоого жөнөп кетишкен. Издөөгө алынган жайлоонун аймагы өтө чоң болгондуктан санариптештирүүнүн алкагында алынган Ноокат РИИБдин криминалистика кызматынын дрону колдонууга тартылган. Натыйжада анын жардамы менен А.у.А. бийик жардан түшүп кетип, басууга чамасы келбей алсыз отурган жеринен табылган», — деп айтылат маалыматта.

Ага алгачкы медицианалык көмөк көрсөтүлүп, Тез жардам кызматы менен Ноокат райондук ооруканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 320