• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жайыт, парк, суу жээктеринде мототранспорттун жүрүүсүнө тыюу салынды

20 Бугу 202616:08 Бишкек Govori.TV

Экосистемалардын сакталышын камсыз кылуу, жаратылыш ландшафттарынын деградацияланышын жана бузулушун болтурбоо, парктык-пляждык аймактарга терс таасирдин тийишине жол бербөө максатында Кыргызстандын айрым аймактарында мототранспорт каражаттарын эксплуатациялоону чектөө киргизилди.

Тишелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Токтомго ылайык, мототранспорт каражаттарынын кирүүсүнө жана жүрүүсүнө өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында, парктык-пляждык зоналардын чектеринде жана жайыттарда чектөө киргизилди.

Бул токтом автомобиль жолдору боюнча мототранспорт каражаттарынын кыймылын чектебейт. Ошондой эле өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында экскурсиялык экологиялык маршруттарды, туристтик жолдорду жана токтоочу жайларды уюштуруу жана орнотуу тартибинин талаптарын сактоо менен тоскоолдук кылбайт.

Мындан тышкары мамлекеттик маанидеги илимий-изилдөө жана маданий-массалык иш-чараларды өткөрүүнү чектебейт.

Количество просмотров: 115