• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

“Ала-Арча” паркында тоодон түшө албай калган адам куткарылды

7 Баш оона 202510:01 Бишкек Govori.TV

“Ала-Арча” паркында тоодон түшө албай калган адамга тез жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Чүй облусунун Аламүдүн районунда кечээ, 6-августта «Ала-Арча» мамлекеттик жаратылыш паркына эс алууга чыккан 30 жаштагы эркек адам бутун кокустатып алып, түшө албай калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине КР ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун «Ала-Арча» паркында нөөмөттө турган 5 куткаруучусу тартылып, аталган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, тоодон түшүрүшкөн. Андан соң туугандарына өткөрүп беришти.
Абалы туруктуу.

Количество просмотров: 156