• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Жактоочу: Бейшеналиевдин бөгөт чарасына каршы арыз берилет

6 Кулжа 2022 9:08 Бишкек Govori.TV

Саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасына каршы шаардык сотко апелляциялык арыз даярдалууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Кайсын Абакиров билдирди.

Жактоочунун айтымында, мыйзам боюнча апелляциялык арыз тапшырууга беш күндүк убакыт берилет.

2-июнда Бейшеналиев жемкорлукка шектелип кармалган. Башкы прокуратура ага карата жети кылмыш иши козголгонун билдирген. Андан тышкары министрликтеги жетекчилик кызматты ээлеген үч кишиге да иш козголуп, алардын экөө камакка алынды. 4-июнда Бейшеналиев менен Башкы прокурор Курманкул Зулушев президенттин тескемеси менен кызматынан убактылуу четтетилген.

Количество просмотров: 375