Бүгүн, 14-январда Биринчи май райондук сотунда жактоочу Самат Матцаковдун иши боюнча соттук отурум өтүп жатат.
Бүгүнкү соттук отурумда журналисттерге видео, тасмага тартууга тыюу салынды. Сот жактоочулардын отурум ачык экенин, ЖМК өкүлдөрү тасма тартууга укуктуу экенин айтканын канааттандырган жок.
Эске салсак, 30-декабрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Туратбек Бекенов адвокат Самат Матцаковдун камактагы мөөнөтүн 2025-жылдын 28-февралына чейин узарткан болчу. Самат Матцаков анын бөгөт чарасын кароо боюнча соттук отурумда мыйзам бузулганын айткан.
УКМК камакта жаткан ишкер Имамидин Ташовдун, үч жылга кесилген акын Аскат Жетигендин жана журналист Актилек Капаровдун адвокаты Самат Матцаковду 29-ноябрда кармаган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” жана “Документтердин жасалмасын жасоо” беренелери менен кылмыш иши козголгонун кабарлаган.
Самат Матцаков өзүнүн кармалышын абактагы ишкер Имамидин Ташовдун ишине байланыштырып, күнөөсү жок экенин билдирген.