• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жактоочу: Кой-Таш иши күүлөнүп, уча албаган учак сыяктуу

27 Аяк оона 2021 17:17 Бишкек Govori.TV

Кой-Таш окуясы боюнча соттук иш күүлөнүп, уча албаган учак сыяктуу. Мындай пикирин жактоочу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү сот отурумуна айрым жактоочулар келген эмес. Ошондуктан отурум 29-сентябрга жылдырылган.

«Кой-Таш окуясы боюнча айыптоо актысы окула элек. Бул иш күүлөнүп, уча албаган учак сыяктуу. Себеби аталган иш саясий негизде токулган. Бүгүнкү отурумда олуттуу маселе көтөрүлдү. Эгерде күч органдары ушул сыяктуу көлөмдүү ишти токуганга мүмкүнчүлүгү болсо анда аларга сөзсүз түрдө соттун катышуучуларына шарт түзүү милдети жүктөлөт. Тилекке каршы, катышуучуларга эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Жактоочулар өздөрү жактап жаткан адамдардын жанына отурган жок. Пандемия дегенибиз менен соттук залда вирус боюнча түшүнүк жок экенин көрүүгө болот. Катышуучулар бири-бирине тыгыз отурушат. Жараяндар чоң залдарда өтүшү керек. Бүгүнкү отурум айрым айыпталуучулардын жактоочулары келбей калганына байланыштуу жылдырылды»,-деди Жоошев.

Бүгүн, 27-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иштери каралды. Сот отурумуна судья Азирет Медеров төрагалык кылды. Сот процессине Атамбаев, Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков алынып келинди.

Эске салсак, 2019-жылы 7-8-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) жана Ички иштер министрлиги (ИИМ) Чүйдүн Кой-Таш айылында суракка келүүдөн баш тарткан мурдагы президентти кармоо операциясын жүргүзгөн. Анын тарапташтары менен күч органдарынын кызматкерлери кагылышып, бир офицер курман болгон. Мурдагы президент Атамбаев ушул тапта Бишкектеги №47 колонияда кармалууда. Кой-Таш окуясы боюнча Атамбаевдин тарапташтарына жана Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова, Ирина Карамушкинага да айып коюлган болчу.

Количество просмотров: 167