• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жактоочу ЖК депутатын Орхан Инандынын иши боюнча суракка алууну талап кылды

7 Теке 2021 15:12 Бишкек Govori.TV

Адвокат Таалайгүл Токтакунова Башкы прокуратурага кайрылып, кыргыз жараны Орхан Инандынын Түркияга жашыруун чыгарылып кеткенине байланыштуу кылмыш ишин козгоону өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылды. Жактоочунун айтымында иликтөө ишин жургүзүп, буга чейин алар чыгарган Инандынын унаасындагы видеокаттого түшүп калган сүрөттөрдөгү адамдар ким экенин тактоо жана алардын ишке катыштыгы иликтенүүсү керек.

«Биз унаанын камерасына тартылган скриндерди укук коргоо органдарына бергенбиз, бирок азыркыгы чейин бизге жооп берише элек. Иликтөөлөрдөн улам сүрөттөгү саргыч футболка кийген адам спортчу экенин билдик. Ал адамдын соцтармактагы баракчаларын карап жатып, 2021-жылы 29-апрелде өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына бир топ эркек адам менен түшкөн сүрөтүн жарыялагандыгын, анда ал Орхан Инандыга тыңчылык кылып жүргөн адамдын футболкасына окшош кийим кийип олтурганы көрүнүп турат. Бул сүрөттө анын жанында Жогорку Кеңештин депутаты Атазов Шайлообек Карыбековичти да көрүүгө болот. Мындан улам иш боюнча депутатка да суроолорду берүү зарыл деп эсептейбиз», — деди жактоочу.

Нет описания.

Жактоочунун Башкы прокуратурага жазган кайрылуусу менен толук бул жерден тааныша аласыз.

Таалайгүл Токтакунованын билдиргени боюнча, арызда мындан тышкары Орхан Инандыны эл аралык нормаларга ылайык, Кыргызстанга кайтаруу талабын коюу суранычы да жазылган.

«Сапат» билим берүү мекемесинин президенти Орхан Инанды 1-июнга караган түнү жоголгондон бери дайынсыз болчу. Тарапкерлери анын табылышын талап кылып, бир нече ирет акцияга чыгышкан. Жубайы Рейхан Инанды күйөөсүн табууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, төрт жолу президент Жапаровго кайрылган.

5-июлда түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган Инанды Түркияга жеткирилгенин жарыялаган. Инандыга «Куралдуу террордук уюмду негиздегени же жетектегени» үчүн айып тагылганын 6-июлда Түркиянын мамлекеттик «Анадолу» маалымат агенттиги жазды

Количество просмотров: 6142