• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жакында унааларды каттоо эки эсеге арзандайт

12 Бирдин айы 2018 11:28 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.02. 2018. Govori.TV

Жакында Кыргызстандын аймагында унааларды кайра каттоо жеңилдетилип, кызмат акысы азыркыдан эки эсеге арзандайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

“Өкмөт “Акылдуу шаар” долбоорун ишке киргизүү аракетин баштады. Жакында долбоорду аткаруучулар тарабынан видео-байкоочу системалар Бишкек, Ош шаарларына орнотулуп, стратегиялык кан жолдорго да орнотулат. Мындан улам, унааларды өз ээлерине каттоо боюнча мамлекеттик каттоо кызматы март айынын ортосунан тартып, унааларды кайра каттоону жеңилдетип, жарандарга мүмкүнчүлүк түзүп  бергени жатабыз”,-деп билдирет мамкаттоо кызматынын маалымат катчысы Мелис Эржигитов.

Ал белгилегендей, учурда Кыргызстанда жүргөн 100 миңдеген унаалар айдап жүргөн ээлерине катталган эмес. Ошондуктан, эгер эртең “Акылдуу шаар” ишке киргенде эреже бузган унааларга салынган айып пулдар унааны айдап жүргөн жаранга эмес, унаанын ээси катары катталган жарандын дарегине жиберилип, баш-аламандык жаралышы мүмкүн. Ошондон улам, унааларды каттоонун баасы арзандатылып, жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлмөкчү.

 

Количество просмотров: 36