• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жакында Салык кызматынын жаңы акциясы башталат

12 Үчтүн айы 2024 16:08 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматынын “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясы аягына чыкты. Бул тууралуу МСКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, эми жакында кызыктыруучу лотореянын ордуна кассалык чектерди талап кылуу боюнча чоң акция башталат. Ага байланыштуу Салык кызматы жарандарды товар же кызмат сатып алган сайын кассалык чектерди талап кылууга жана чогултууга чакырат.

«Жаңы акция тууралуу, анын ичинде катышуу шарттары жана байгелердин тизмесин жакынкы аралыкта сунуштайбыз», — деп, Салык кызматынан «Салык чек» тиркемеси кассалык чектерди сканерлөө үчүн ишенимдүү курал бойдон каларын эске салышты.

Эскерте кетсек, 2023-жылы Салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын эки этабын өткөрүп, анын жүрүшүндө 2 миң 376 баалуу байге ойнотулган. Алардын ичинен 10 батир, 20 электромобиль жана 6 чет өлкөгө жолдомо ойнотулду.

Количество просмотров: 547