• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Чек талап кылып, байге утуп ал!»: Бүгүн 234 баалуу байге ойнотулат

26 Бештин айы 2023 11:51 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-декабрда «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясынын байгелерин ойнотуунун экинчи күнү өтөт.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, түз эфирдин жүрүшүндө 100 iPhone14, 100 смартфон, 30 ноутбук жана 4 Dyson фени ойнотулат.

Утуштар Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларынан түз эфирде көрсөтүлөт. Башталышы саат 13:00.

Эскерте кетсек, 25-декабрда 283 байге ойнотулду. Мындай утуштар 29-декабрга чейин созулуп, күн сайын 234 байгеден ойнотулат.

Негизги иш-чара 30-декабрда өткөрүлүп, 10 батир, 11 электромобиль жана чет өлкөгө 4 жолдомо ойнотулат. Утуштар саат 15:00дө УТРК, Ала-Тоо 24 каналдарында, ошондой эле Салык кызматынын Facebook жана Youtube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 246