• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

«Жал» микрорайонундагы трагедия: үй-бүлөлүк зомбулук каралат

9 Чын куран 202615:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте «Жал» микрорайонунда ушул жылдын 4-апелинде каргашалуу окуя катталып, 6-кабаттан Элвина аттуу айым эки баласы менен кулап түшүп каза болгон. Сиңдиси Асема Кочкорова «24.kg» маалымат агенттигине билдиргендей, аял узак убакыт күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып келгенин ырастаган. Элвина курбусуна ур-токмоктун изин көрсөткөн сүрөттөрдү жана видеолорду жиберип, “эгер бир нерсе болуп калса, балдарды атасына ишенбейм” деп жазган.

Курбусунун айтымында, Элвина эки айлык кош бойлуу болгон жана уулу туулса, күйөөсүнөн кетип, балдарды өзү тарбиялайм деп да айткан.

Учурда беш жаштагы уулу оор абалда реанимацияда, төрт жаштагы уулу окуя учурунда үйдө болгон эмес.

Каза болгон келиндин күйөөсүнө «өзүн-өзү өлүмгө жеткирүү» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, ал ушул жылы 4-июнга чейин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Айрым кошуналары окуя кырсык болушу мүмкүн дешет: алгач кичинекей бала биринчи кулаган, чоң бала аны кармоого аракеттенип кулаган, андан кийин эне артынан түшкөн деген болжолду карманышууда.

Бул трагедия коомчулукта резонанс жаратты. Трагедиялуу окуя президенттин жеке көзөмөлүнө алынып, ИИМ тарабынан тыкыр изилдөө жасоого тапшырма берилген. Министрлер кабинетинин Ички иштер министрлиги кечээ каза болгон келиндин жакындарын кабыл алып, тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат берип, баардык суроолорго жооп берген.

Шилтема: https://www.youtube.com/watch?v=aFZsh-zNmPM&time_continue=6&source_ve_path=MjM4NTE&embeds_referring_euri=https%3A%2F%2F24.kg%2F

Количество просмотров: 262