• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абад мэринин жаңы орун басары дайындалды

26 Үчтүн айы 202411:10 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын мэринин коммуналдык маселелер боюнча орун басары болуп Жаныш Раимжанов дайындалды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, тиешелүү буйрукка шаар мэри Эрнисбек Ормоков кол койду.

Раимжанов 2019-жылдан ушул күнгө чейин президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын уюштуруу бөлүмүндө башкы адис болуп эмгектенип келе жаткан.

Количество просмотров: 131