Бишкек. 14.12.2017.Govori.TV.
Бүгүн, 14-декабрда Жалал-Абад шаарынын борбордук Ленин көчөсүндө жүрүп бара жаткан «Нексия» үлгүсүндөгү жеңил унаадан өрт чыкты.
Патрулдук милициянын облустук бөлүмүнүн маалыматына караганда, унаада айдоочу гана болгон. Алдын ала маалыматка караганда өрт унаанын мотор жагындагы кыска туташуудан улам чыккан.
Ал эми унаадан чыккан өрттү жолоочулар өрт өчүрүүчүлөр келгенче өчүрүшкөн.Өрттөн жабыркагандар жок.