Жалал-Абадда таштанды челектердин жанынан жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Маалыматты Govori.TVга Жалал-Абад ОИИБдин маалымат кызматы тастыктады.
2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 08:40 чамасында Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасындагы таштанды таштоочу жайда жаңы төрөлгөн ымыркай кыз табылган.
Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, териштирүү иштери башталган. Жалал-Абад ШИИБдин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барып, тиешелүү матералдар чогултулган.
«Териштирүү учурунда ымыркайдын апасы таштанды таштоочу жайга жакын жердеги батирде убактылуу жашап жаткан Базар-Коргон районунун Акман айыл аймагынын тургуну 2005-ж.т. Т.Э. экендиги аныкталган. Ал 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 07:30 чамаларда убактылуу жашаган батиринин душунун ичинде кыз бала төрөп, төрөгөн кызын коркуп колуна алып эшике чыгып, жаш баланын кийимине ороп, таштанды таштоочу жайга алып барып таштап койгон. Ымыркайды таштанды таштоочу жайдан таап алган жаран менен милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлү ымыркайды төрөт үйүнө алып барышкан»,-деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, кечээ түнү Арча-Бешик жаңы конушунда жаңы төрөлгөн ымыркай табылды. Баланы милиция кызматкерлери Бишкектеги №2 төрөт үйүнө алып барышкан, балага жандандыруучу медициналык жардамдар көрсөтүлгөн. Кийинчерээк наристени төрөп таштоого шек санап, 20 жаштагы С. Ж. аттуу келин кармалды.
Буга чейин 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылган. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.
11-ноябрда баланын энеси кармалып, Октябрь райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган