• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда аткезчилик каналынын иши токтотулду

16 Аяк оона 202411:52 Бишкек Govori.TV

УКМК жана Чек ара кызматы менен бирдикте Ош областынын Өзгөн районунун Көк-Таш тилкесинде 24 баш жылкыны КР мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстан Республикасына мыйзамсыз алып өтүп бара жаткан учурунда кыргыз жараны Б.Т.Ж. кармалды.

УКМКнын маалыматына ылайык, кармалган Б.Т.Ж. Өзбекстан Республикасынын жараны «Хабибилло» менен алдын ала макулдашып алып, Ош облусунун Өзгөн шаарындагы мал базардан 24 баш жылкы сатып алып, андан 80 миң өлчөмүндө акча каражатын сый акы катары алган. Андан соң мамлекеттик чек ара тилкесинде инженердик курулуштар жок Өзгөн районунун Көк-Таш айылынын аймагынан жылкыларды Өзбекстан Республикасынын аймагына мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган.

Ушул сыяктуу эле Аксы районунун Кара-Төбө айылында 10 жылкыны Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу Өзбекстан Республикасына айдап өтүүгө аракет кылган 1999-жылы туулган К.у.Б аттуу Кыргыз Республикасынын жараны кармалган.

КР мыйзамына ылайык, кармалган 34 баш жылкы мамлекетке конфискацияланууга тийиш. Бул жылкылар мамлекеттик чек араны коргоодо пайдалануу үчүн КР УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын балансына өткөрүлөт.

Количество просмотров: 95