• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жалал-Абадда бала бакчадан өрт чыкты

27 Бугу 202513:46 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарында бала бакчадан өрт чыгып, балдар эвакуацияланды. Бул тууралуу ӨКМ маалымат таратты.

Алдын ала маалымат боюнча Жалал-Абад шаарында жайгашкан А.Новои көчөсүндө жеке балдар бакчасынын ашканасынан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат саат 11:48де ыкчам нөөмөт бөлүмүнө түшкөн.

Өрттү өчүрүүгө саат 11:49да Жалал-Абад шаардык №20 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, бала бакчадагы 33 тарбиялануучу жана 3 тарбиячы куткаруучулар тарабынан эвакуцияланып, газ баллондор коопсуз аймакка чыгарылды.

Өрт чыккан аймактын жалпы аянты 120 чарчы метрди түздү. Жабыркагандар жок. Өрттүн чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 194