• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жалал-Абадда дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз табылды

1 Жалган куран 2024 12:46 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда 4 күндөн бери изделип жаткан 14 жаштагы Айбийке Орозмаматова табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын 14 жаштагы тургуну Айбийке 26-февраль күнү саат 12:10 чамасында мектептен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан. Буга байланыштуу 29-февралда Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы тарабынан дайынсыз болуп жаткан кызды табууга коомчулукту көмөктөшүүгө чакырган маалымат таратылган.

Маалымат ЖМК жана социалдык тармактарга жарыяланган соң кайдыгер эмес жарандардан Айбийке тууралуу маалыматтар милицияга келип түшкөн.

«Бүгүн, 1-мартта Айбийке Таш-Көмүр шаарынан табылып, Жалал-Абад шаарына милиция кызматкерлери алып келе жатышат. Кайдыгер карабай маалымат бөлүшкөн жарандарга ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 344