• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Жалал-Абадда сойкулук менен алектенгендер аныкталды

11 Бирдин айы 2022 17:17 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда интернет жана социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенгендер аныкталды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнө шаар аймагында “А” аттуу жаран сойкулук менен алектенип, ыплас аракеттерге көмөктөшүп, сутенердук кылуу үчүн көмүскө жайларды уюштуруп жатат деген маалымат келип түшкөн.

Бул факты боюнча топтолгон материал Кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси (Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү) менен катталып, кылмыш иши козголгон.

«Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында интернет жана социалдык тармактар аркылуу жарнама кылып, сойкулук менен алектенип жүргөн кыздар аныкталган. Алар Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин батирин ижарага алып, иштеп жүрүшкөндүгү белгилүү болгон. Ал жайга тинтүү жүргүзүлүп, Чүй облусунун 2001-жылы туулган тургуну, көп жылдан бери өзүн транс катары алып жүргөн К.М. жана Ысык-Көл облусунун тургуну 2002-жылы туулган Ж.Н. сойкулук менен иштеп жаткандыгы аныкталган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул факты боюнча толук кандуу, объективдүү чара көрүү боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

Количество просмотров: 551