• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жалал-Абадда 15 жаштагы бала октон каза болду

5 Аяк оона 20239:15 Бишкек Govori.TV

Ноокен районунун 43 жаштагы тургуну айылдашын мылтык менен атып алды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Окуя 26-августка караган түнү Шайдан айылында болгон. Шектүү түн жарымда көчөдө отурган өспүрүмдөрдү көздөй мергенчилик мылтыгынан аткан, ок 15 жаштагы балага тийип, ал ооруканада каза болгон.

Ноокен райондук милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен кылмыш ишин козгоду.

Шектүү эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 199