• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жалал-Абадда жаандын кесепетинен үйлөрдү суу каптады

20 Тогуздун айы 2022 10:05 Бишкек Govori.TV

Нөшөрлөп жаган жаандын кесепетинен улам Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай шаарларында жети турак жайдын короосун жана жер төлөөсүн суу каптады.

ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган аймактарга 25 кызматкер тартылып, суу сордуруучу жабдыктын жардамы менен сел суулары сордурулуп, коопсуз жайга чыгарылды.

Ошондой эле Сузак районунда катуу жааган жаандын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Кыр-Жол менен Боз-Чычкан айылын бириктирген ички чарбалык унаа жолун кум-шагылга толтуруп, жол каттамы жабылган.

Жеринде аткарылган иш-чаранын жыйынтыгында унаа жол толук тазаланып, эки тараптуу ачылган.

Количество просмотров: 216