• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Барскоон айылында кыян жүрдү

11 Кулжа 202022:34 Бишкек Govori.TV

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Барскоон айылында кыян жүрдү.

Маалыматка ылайык,10-июнь күнү болжол менен түнкү саат 12:00 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Барскоон айылында кыян жүрүп 16 үйдүн короо жайы жабыркаган.

Бүгүн, 11-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Дамир Монолдоров Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынада болуп өткөн кыяндын кесепеттери менен жеринде таанышып ыкчам штабдын отурумун өткөрүп тиешелүү тапшырмаларды берди.

Учурда кыяндын кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралар жүрүп чыгымдар эсептелүүдө.

Количество просмотров: 121