• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жалал Абадда жол кырсыгынан 1 адам көз жумуп, алты адам жаракат алды

11 Үчтүн айы 2018 12:14 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 11.01.18. Govori. TV

Жалал –Абад –Казарман автожолунда жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам окуя болгон жерде каза болуп, алты адам жаракат алган. Бул тууралуу жергиликтуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 10 январда саат 17:30 да Жалал –Абад – Казарман жолунун 2 чакырымында  болгон.

«Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи маршуттук унаа менен «Мазда» үлгүсүндөгү унаа кагышып кеткен. Анын кесепетинен «Мазданын» айдоочусу Ынтымак айылынын тургуну окуя болгон жерде жан берген. Жаракат алган жүргүнчүлөр ооруканага жеткирилген.

Количество просмотров: 4