• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Жалал-Абаддагы Адилет үйүндө “Элге багытталган адилеттүүлүк” форуму өттү (сүрөт)

19 Чын куран 2024 15:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жалал-Абад шаарындагы Адилет үйүндө “Элге багытталган адилеттүүлүк” улуттук форуму өттү, деп билдирет Жогорку соттун басма сөз кызматы.

Иш-чарага Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, президенттик администрациясынын соттор жана прокуратура органдары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Сулайманкулов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ошондой эле сот, прокуратуранын өкүлдөрү, Акыйкатчы институтунун, медиация, адвокатура, аксакалдар соту, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коомдук уюмдар, жогорку окуу жайлары, жалпыга маалымдоо каражаттары жана активисттер катышты.

Замирбек Базарбеков өз сөзүндө форумдун өткөрүлө турган жери дагы жөн жайдан тандалбаганын, анткени эки чоң Адилет үйүн түзүүдө элдин талабы эске алынганын баса белгиледи.

“Адилет үйлөрү жарандар үчүн сапаттуу шарттарды түзүүгө багытталган сот системасын өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин чыныгы көрсөткүчү болуп саналат жадамдардынана мындай үйлөрдү Кыргызстан боюнча ачууну пландаштыруудабыз.

Сот адилеттигин муктаждыктарына багыттоо үчүн, биз көпчүлүк өлкөлөр сыяктуу эле, сот ишмердигине санариптик технологияларды киргизүүнү көздөп жатабыз. Өнөктөштөрүбүздүн колдоосу менен соттордо сот өндүрүшү жана иш кагаздары электрондук форматка өтүп жатат. Бул сот тутумунун ишинин ачыктыгын камсыз кылууга, сот адилеттигин ишке ашыруунун натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга жардам берет.

Мындан сырткары, жарандардын жана уюмдардын сот актыларына өз убагында жетүүсүн камсыз кылган сот чечимдерин автоматташтырылган жарыялоо системасы түзүлгөн,”- деди Жогорку соттун төрагасы.

Өз кезегинде Демократияны өнүктүрүү боюнча улук адис (USAID) Тара Нил адамдарга багытталган сот адилеттиги сот процессинин бардык катышуучулары үчүн шарттарды түзүү мүмкүнчүлүгү экенин жана USAID сот тутумунда болуп жаткан өзгөрүүлөргө көмөктөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Ошондой эле USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун директору Фред Хьюстон бүгүнкү форумдун ар бир катышуучунун элге багытталган адилеттүүлүк ыкмасы менен жасалып жаткан өзгөрүүлөр жөнүндө бөлүшө турган окуясы бар деген ишенимин билдирип өттү.

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу үч сот жана төрт сот органы жайгашкан Адилет үйүнүн имаратына экскурсия жасады.

Форум жаңы форматта өтүп, жүздөн ашык көрүүчүлөр форумдун театрын, адвокаттардын ишенимине арналган видеороликти көрүп, медиаторлордун иши менен таанышып, соттун чечими боюнча түшүндүрмөлөрдү, пробация көзөмөлү, электрондук билерикти колдонуунун мисалы жана кепилденген мамлекеттик юридикалык жардам кызматынын юристтеринин ишмердүүлүгү менен тааныша алышты.

Форумдун максаты — сот системасындагы өзгөрүүлөрдү, жетишкендиктерди коомчулукка жеткирүү жана жетишилген талыкпаган эмгектин оң натыйжаларын көрсөтүү болуп саналат.

Иш-чара форум USAIDдин “Укук булагы” долбоорунун колдоосу жана өнөктөштүгү менен уюштурулган.

Количество просмотров: 98