• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жалал-Абадда «Элге багытталган адилеттүүлүк» форуму өтүүдө. Анын максаты эмне? (видео, сүрөт)

18 Чын куран 2024 17:58 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда «Элге багытталган адилеттүүлүк» аттуу улуттук форуму башталды. Бүгүн форумдун биринчи күнү өтүп жатат. Анда облустук «Барпы» театрында «Кыйылган өмүр» пьесасы коюлду. Аталган спектакль Жалал-Абад облустук прокуратурасынын демилгеси менен уюштурулуп, азыркы коомдогу адилеттүүлүк маселелерин чагылдырган көрүнүш.

Жалал-Абад облустук прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Венера Салямованын айтымында, бул балдар арасындагы кылмыштуулукту азайтуу үчүн даярдалган иш-чара.

«Бул 25 мүнөттүк спектаклде балдар арасындагы наркомания, миграция көйгөйү, рекетчилик ж.б баары камтылган. Облустун мектептерин кыдырып ушул пьесаны коюп чыктык. Балдарга бул формат жакты, алардын көйгөйүн билгенибизди аларга сездире алдык. Ар бир коюлган оюндан кийин балдар менен сүйлөшүүбүз 1-2 саатка созулуп жатат. Алар бизге ишенип, өздөрүнүн көптөгөн көйгөйүн айта баштады», — деди Салямова.

Ал эми форумдун экинчи күнүндө интерактивдүү панелдик талкуулар, мастер-класстар жана Сот адилеттик үйүнүн экскурсиялары менен коштолору күтүлүүдө.

Количество просмотров: 99