• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жалал-Абаддын биринчи вице-мэри өз арызы менен кызматын тапшырды

16 Жетинин айы 2020 12:27 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри Болот Узакбаев өз арызы менен кызматын тапшырды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн мекеме-ишканалардын жетекчилери, мэриянын аппаратынын кызматкерлери менен жолугуп, ыраазычылык билдирди.

Ал эми жетекчилер Узакбаевдин жаш болсо да шаар үчүн жасаган эмгеги зор экенин белгилеп, кызматка келгенден баштап шаарды өнүктүрүү аракетинде болгонун айтышты. Мындан ары да ийгиликтерди каалашты.

Болот Узакбаев Жалал-Абад шаарынын тарыхындагы эң жаш вице-мэр катары калды. Акыркы эки жылдагы шаарда болгон өзгөрүүлөрдүн, ири долбоорлорду демилгелеп ишке ашырды.

Эскерте кетсек, Болот Узакбаев 2019-жылдын март айынан тартып Жалал-Абад шаарынын коммуналдык маселелер боюнча вице-мэри болуп иштеп келген. Эки ай мурун биринчи вице-мэрлик кызматка дайындалган. Ага чейин шаардык кеңештин депутаты болчу.

Булак: Кабар.

Количество просмотров: 121